Достук футбол мелдеши.
1.02.2023-ж. А.Койгелдиев атындагы Бейшеке ЖББ орто мектебинде футбол боюнча достук мелдеши болуп өттү. Оюнга Н.Давлесов атындагы Кемин #3 мектеби, Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин мектебинин окуучулары келип катышты. Мелдештин максаты окуучуларды спортту сүйүүгө чакыруу, ден-соолугун чыңдоо, достукка үйрөтүү.
Жыйынтыгында Кичи-Кемин мектеби 1-орунга, Бейшеке мектеби 2-орун, Кемин #3 мектеби 3-орунга ээ болушту. Уюштуруучулар: дене тарбия мугалимдери Э.Жамангулов жана Э.Шералиев.
Комментарии